Бишкекте өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып жүргөн шылуун кармалды

Бишкекте өзүн милиция кызматкери деп тааныштырып жүргөн шылуун кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, эркек тартип сакчы болуп жарандан 60 мин сом талап кылган. Болбосо, кылмыш ишин ачуу менен коркуткан

 

Талап кылынган сумманын жарымын алып жаткан жеринен эркек колго түшүрүлдү. Ал милицияда иштебей турганы аныкталды. Тергөө жүрүүдө.