Кыргызстанда быйыл балдарга коюлган популярдуу ысымдар аталды

Кыргызстанда быйыл балдарга коюлган популярдуу ысымдар аталды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, эркек балдарга Мухаммад ысымы көп коюлду – 4 миң 537 балага, андан кийин Умар, Али, Амир, Билал, Алихан, Алинур, Нурислам жана Усман аттары популярдуу.

 

Ал эми кыздарга көбүнчө Салиха – 3 миң 107, Раяна, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке  ысымдары ыйгарылган.