Бишкектин көчөлөрү жуула баштады

Бишкектин көчөлөрү жуула баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Тазалык” ишканасынын кышкы техникасы алмаштырылды.

Кечээтен тарта, Манас, Жибек Жолу, Чүй, Дэн Сяопин проспектилери жана

ордо калаанын башкы трассалары жуула баштады. Эгер шаардыктардын кандайдыр

бир маселеси жаралса мэриянын WhatsApp тиркемесине билдирүү калтырса болот.