Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын өздүк курамы бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипке өттү.
Мындай чара алдыдагы жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу.
Тагыраагы, милиция кызматкерлери республиканын жолдорундагы кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо аракетин көрүшөт.
Мындан тышкары, жол эрежесин бузгандарды аныктоо боюнча рейддер өткөрүлөт.