2 жыл аралыгында Милициянын кайгуул кызматы бүт республика боюнча иштеп баштайт.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан
novosti.kgге билдиришти. Маалыматка караганда, алгач жумушчу долбоор менен
Ош, Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында ишке ашмакчы. Жаңы каызматка кабыл алууга
1-этап менен болжолдуу түрдө 300 талапкер каралат. Кошумчаласак,
аталган кызмат алгачкы ирет Бишкекте ишке ашты. Учурда иштеп
жаткан 545 кызматкер 2 этап менен кабыл алынган.