Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 7-апрелге чейин Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Ак-Тал-Чат, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолдорунда кар масасалары түшүшү мүмкүн.

Айдоочулар бул трассаларда унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы керек.