Бишкекте санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат

Бишкекте санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Чиновник белгилегендей, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынганына карабай, жарандар кайдыгер мамиле жасап жатат.

 

Вирусту жарандар тойлордо, тажияларда жуктурушууда. Кубатбек Боронов бул маселени көзөмөлгө алуу керек экенин белгилеп, борбор калаада эпидемиологиялык иштер жетишсиз жүргүзүлүп жатканын сынга алды.