Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусунда коопсуздукту 1000ден ашуун милиция кызматкери камсыздайт

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Ысык-Көлдөгү жолугушуусунда коопсуздукту миңден ашуун милиция кызматкери камсыздайт.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Ошондой эле делегациялардын каттамында убактылуу кыймылга чектөөлөр киргизилип, жол боюнда кароосуз калган унаалар эвакуацияланат.

Эске салсак, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан президенттеринин төртүнчү консультативдик жолугушуусу 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтөт.