ИИМ добуш берүү күнү 126 мыйзам бузуу катталганын билдирди

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жекшембидеги шайлоодо 126 мыйзам бузуу фактысы катталганын кабарлады. Маалыматка караганда, арыздардын көбү добуш берүү тартибин бузууга байланыштуу (38) түшкөн.

Мындан сырткары ички иштер органдарына 36 кайрылуу үгүткө, добуш сатып алууга байланыштуу 21, шайлоочуларды ташып келүүгө байланыштуу 19 арыз-даттануу келген. Добуштарды сатып алуу боюнча эки факты Чүй облусунда катталып, учурда тергелип жатат. Мындан сырткары жоруктар, административдик ресурс, бейбаштык фактылары боюнча дагы жарандардын кайрылуусу бар. Алардын бардыгы жеринде териштирилип жатканы ИИМ тараткан маалыматта белгиленген.

Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ички иштер органдарынын 12 миңге жакын кызматкери “күчөтүлгөн тартипте” кызмат өтөп жатышат.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 16.
«Ишеним» — 13
«Ынтымак» — 10
«Альянс» — 8
«Бүтүн Кыргызстан» — 6
«Ыйман нуру» — 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Бирок добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткени Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылууда.