Кыргызстанда көз карандысыз соттук экспертиза уюму түзүлдү

«Академ Эксперт» деп аталган көз карандысыз соттук экспертиза борбору Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин (КМЮУ) алдындагы Ганс Гросс атындагы криминалисттик комплексинде түзүлдү. Борбордун түптөлүшүнө ПРООН каржылык колдоо көрсөттү. Маалыматка ылайык, “Академ Эксперт” окуу жайда студенттерге жана мугалимдерге кесипкөйлүгүн жогорулатуудан тышкары түрдүү иштерде соттук экспертиза кызматын да көрсөтөт.

“Көз карандысыз соттук экспертиза келечекте өнүгөт, заманбап жабдуулар менен толукталат, жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылууга кызмат кылат деп үмүттөнөбүз”, — деди ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Артур Букалаев.

Маалыматка ылайык, кызмат көрсөтүүдө акы алынат.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, Кыргызстанда буга чейин көз карандысыз соттук экспертиза борбору болгон эмес. Укук коргоочулар альтернативдүү соттук экспертиза болушун талап кылып келишкен.