Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жана ага орун басар дайындалды

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Азамат Ногойбаев, ага орун басар болуп Тилек Түкөбаев дайындалды.

Бул тууралуу борбор калаанын милициясынан кабарлашты.

Аларды жамаатына ИИМ жетекчисинин орун басары Октябрь Урмамбетов тааныштырган.

Шаардык милициянын мурдагы жетекчиси Бакыт Матмусаев менен анын орун басары Эрлан Атантаев уурдалган

Айзада Канатбекованын өлүмүнөн кийин иштен алынган.

Урмамбетов андан сырткары калаадагы дагы бир аймак Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн

башчылыгына расмий түрдө жетекчи болгон Азамат Байгазиевди да эмгек жамаатына тааныштырды.

Ал буга чейин ушул эле райондук милициянын жетекчисинин орун басары болуп иштеп,

ал эми мурдагы башчы Ашим Тагаев башка кызматка кеткенден соң анын милдетин аткарып жаткан.