Соцтармак колдонуучулары планета калкы санынын жарымынан ашты.
Америкалык басылма түзгөн отчетко караганда, июль айында соцтармактын
аудиториясы 3 миллиард 800 миллионду түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга караганда
9 пайызга жогорулады. Адистер белгилешкендей, жыл көрсөткүчүн түзүүдө соцтармактардын
көбү 13 жашка чейинкилерге катталууга тыюу салынганы эске алынды.