Адам денесинин стандарттык температурасы төмөндөп жатат

Адам денесинин стандарттык температурасы төмөндөп жатат.

Калифорния университетинин окумуштуулары билдиришкендей,

мындай процесс дүйнө боюнча жүрүп жатат. Буга чейин 200 жыл мурда

адамдын дене табы 37 градус болуп, бул нормалдуу деп эсептелсе,

эки кылым өткөндөн кийин көрсөткүч өзгөрүлдү. Учурда 36,4 градус

нормалдуу деп эсептелет. Айрым адистердин айтымында,

буга медицинанын өнүккөнү себеп.