Бишкекте эртеңден тарта коомдук транспорт күндүз иштебейт

Бишкекте эртеңден тарта коомдук транспорт күндүз иштебейт. Novosti.kg ге мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, мэр Азиз Суракматов чектөөлөргө байланыштуу буйрукка кол койду.

 

Ага ылайык, эми троллейбус, автобус жана маршруттук таксилер иш күндөрү таңкы саат 7ден 10го чейин жана кечкисин 5тен 9га чейин гана иштейт.  Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү Бишкекте коомдук транспорт токтотулат.