Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсациянын суммасы өзгөрдү

Иш учурунда коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсациянын суммасы өзгөрдү. Эми медицина кызматкерлерине буга чейин убадалангандай                  200 миң сом эмес, 75 миң сомдон берилет.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады. Анын айтымында, жаңы тартип 11-январдан тарта күчүнө кирди.

 

Ал эми ага чейин 1 миң 374 дарыгерге 200 миң сомдон компенсация төлөндү, — деди Бейшеналиев.