Apple бүгүн жаңы продукциясын тартуулайт

Apple бүгүн жаңы продукциясын тартуулайт. ММКлар билдиришкендей, iPhone 12, 12 Pro,  12 Pro Max көрсөтүлөт. Быйыл биринчи жолу компания iPhone 12 Mini смартфонун чыгарат. Ал адаттагы айфондордон көлөмү кичирээк, бирок SE үлгүсүнөн бир аз чоңураак болот.

 

Ал сатыкка 13-ноябрда чыгарылса, калган смартфондор 23-октябрда жеткиликтүү болмокчу.

 

Алардын баасы 700  доллардан баштап, 1 миң 100 долларга жетет. Белгилеп кетсек, Apple 2019-жылы 200 миллион даана телефон сатып, жеке рекордун орноткон. Пандемия учурунда дагы дүйнө эли айфон сатып алууну токтоткон эмес.