Испания жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Испания жаныбарларды коргоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Документте жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу же өлтүрүү үчүн 200 миң еврого чейин айып пул жана абак мөөнөтү каралган.

Мындан тышкары, жаныбарларды дүкөндөрдө сатууга жана зыян келтириши мүмкүн болгон шоуларда колдонууга тыюу салынат.

Ошондой эле бийлик үй жаныбарларын үйсүз калтырууну чечкендерге чара көрүүнү сунуштоодо.