Нарын облусунун Ак-Талаа районуна суу сактагыч куруу пландалууда.
Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, долбоор ийгиликтүү ишке ашса 2 миң гектар жер сугат суу менен камсыз болот.
Учурда суу чарба башкармалыгынын башчысына долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо тапшырмасы берилди.
Маалым болгондой, курулуш иштеринин баасы 700 миллион сомду түзүшү мүмкүн.