Италия күчтүү делген Бельгияны жеңип, жарым финалга чыкты

3-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/4 финалынын алгачкы жуптук оюндары болуп өттү.

 

Анда Мюнхен шаарында Италия курамасы менен Бельгия кез келип, оюн 2:1 эсебинде италиялыктардын жеңиши менен аяктады. Оюндагы жалпы 3 голдун баары тең биринчи бөлүктө жаралды. Экинчи бөлүктө Бельгия канчалык ылдам оюн уюштурбасын, эсеп санын өзгөртө алган жок.

 

Муну менен Италия турнирдин жарым финалына чыкса, фаворит болуп жаткан Бельгия үйүнө кайтууга аргасыз болду. Эми жарым финалда Италия Испания курама командасы менен кез келет.

 

Италия — Бельгия (2:1);

Голдор: Николо Барелла (31-м), Лоренцо Инсинье (44-м), Ромелу Лукаку (45+2-м).