Индонезиянын Бали аралы пандемиядан кийин алгачкы туристтерди кабыл ала баштады

Индонезиянын Бали аралы пандемиядан кийин алгачкы туристтерди кабыл ала баштады.

 

Бирок бардык каалоочулар бара албайт, болгону 19 мамлекеттин жарандарына аралга кирүүгө урукса берилди. Бул жерде башка чектөөлөр бар.

 

Алсак, туристтер мейманкадан чыкпай, 5 күндүк карантинде болушу керек же виза алуу үчүн кепилдик бере турган жергиликтүү тургун болушу керек. Туристтик тармактын өкүлдөрү мындай шарттар менен аралга эс алуучулар келбейт деп кооптонуп жатат.