Япония Баткен облусундагы жолдорду оңдоого грант бөлүп берет

Япония Баткен облусундагы жолдорду оңдоого грант берет. Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Аталган өлкө 5 миллион доллардан ашык каражатты кайтарымсыз негизде берүүгө даяр. Бул суммага ошондой эле 53 даана атайын техника сатып алып, асфальт чыгаруучу завод куруу пландалууда. Анын алкагында Баткен облусундагы жолдордун сапатын жакшыртууга шарт түзүлөт деп күтүлүп жатат.