Аксы районунун Атана айылына таза суу системасы тартылды.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, долбоорго жергиликтүү бийлик жана
тургундар тарабынан 500 миң сом сарпталды. Буга чейин жашоочулар сууну
3 чакырым аралыктан ташып келчү. Аталган аймакта таза суу системасы
64 жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.