Кыргызстанда экономика калыбына келе баштады.
Улуттук бантын маалыматы боюнча, Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө экономикалык
активдүүлүк, соода-логистикалык жолдор мурдагы калыбына кайта баштады. Алсак, быйыл
январь-апрель айлар аралыганда реалдуу ички дүңдүн өнүмү 1,1 пайызды түздү. Андан улам,
Улуттук банк эсептик ченди 6,5 пайыз деңгээлинде калтырды. Эсептик чен – коммерциялык
банктарга берилген насыянын чени. Эске салсак, былтыр Кыргызстанда экономика 8,6 пайызга төмөндөдү.
Пандемияга байланыштуу экономикалык ишмердүүлүккө бир топ убактылуу чектөөлөр киргизилген.