Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Буга байланыштуу, тилке унаа кыймылына жабык. Артиллериялык атып түшүрүү жумуштарынан кийин трасса кардан тазаланышы керек.

 

Андыктан, жол кыймылга качан ачылат, азырынча белгисиз. Бул түшүрүлгөн кар көчкүлөрдүн көлөмүнөн көз каранды болот, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.