Япония элчилиги Кыргызстан мектептерине 132 миң доллар жардам көрсөтөт.
Япония элчилиги билдиргендей, гранттык негиздеги келишимге резиденцияда
6-мартта кол коюлат. Анда 3 долбоор бекитилмекчи. Билим берүү
имараттарынын абалын окууга ылайыкташтыруу боюнча Ат-Башы
районундагы мектепке 14,5 миң доллар жумшалат. Ал эми Жалал-Абаддагы
3 мектеп 66 миң долларга оңдоп-түзөөдөн өтөт. Ошондой эле Караколдогу
мектеп-гимназияда 51,5 миң долларга курулуш иштери жүрүп, жаңы эмеректер алынат.