1-сентябрдан тартып Ак-Суу районундагы реаблитациялык бөлүм ишин жандантат.
Бул тууралуу бөлүм башчысы Байышбек Бейшенбаев билдирди. Анын айтымында,
кийинки айдан баштап өлкө боюнча ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды
дарылоо иштери жүргүзүлө баштайт. Санитардык талаптарды сактоо менен алгач
50 бала гана кабыл алынат. Белгилеп кетсек, медициналык мекеме 6-июндан тартып
ишин токтоткон. Ал обсервация катары пайдаланылган.