AstraZeneca вакцинасын Кыргызстанга берүүдөн Түштүк Корея дагы баш тартты

AstraZeneca вакцинасын Кыргызстанга берүүдөн Түштүк Корея дагы баш тартты.

 

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады.

 

Белгилеп кетсек, британиялык вакцина Covax программасынын алкагында Кыргызстанга май айында Индиядан жеткирилмек. Бирок Индия  жеткирүүдөн баш тарткан. Эми Түштүк Корея дагы баш тартууда, андыктан, вакцинанын Швейцариядан алып келүү пландалууда. 218 миң доза августта келиши мүмкүн, — деди министр.