Японияда видео чалуу учурунда пижаманы костюмдай кылып көрсөтүүчү тиркеме чыгарылды

Японияда видео чалуу учурунда пижаманы костюмдай кылып көрсөтүүчү тиркеме чыгарылды. Ал колдонуучунун жүзүн жана кыймыл аракетин таанып, аларды реалдуу режимде каалаган сүрөткө дагы коюп коет.

 

Ойлоп табуучулардын айтымында, видео чалуулар популярдуу болгондуктан, тиркеме аларга атайлап которунуп, жасанып отурбай эле дароо байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.