Экологияга зыян келтиргендер бак отургузууга милдеттендирилиши мүмкүн

Кыргызстанда экологияга зыян келтирген өндүрүштүк объектилер бак отургузууга милдеттендирилиши мүмкүн. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев билдирди.

 

Ал белгилегендей, бак-дарак отургузуу боюнча “Жашыл мурас” демилгеси быйыл да уланат. Анын алкагында 10 миллиондой түп көчөт отургузуу пландалууда.