«Жашыл мурас». Өлкө боюнча 7,5 млн ашык көчөт отургузулду

«Жашыл мурас» улуттук кампаниясынын алкагында республика боюнча 7 млн 572 миң кɵчɵт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинен билдиришти.

 

Эске салсак, 2022-жылдын 1-мартында президенттин жарлыгынын негизинде өкмөттүн Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы бекитилген. Анын алкагында «Жашыл мурас» улуттук кампаниясы ишке ашкан.