Бишкектеги Бугу-Эне жаңы конушу жарыктандырылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, конушта 50 Вт кубаттуулуктагы 76 светодиоддук чырак жана ошондой эле кронштейндер орнотулган.
Мындан тышкары, 2 чакырымдан ашык өзүн-өзү кармай турган изоляцияланган зым өткөрүлдү.