Токмок шаарына жаңы мэр дайындалды

Максат Нусувалиев Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Буга чейинки калаа башчы Урматбек Самаев берген арызына ылайык кызматынан бошотулду.

 

Эске салсак, УКМК Самаевди «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар деген жүйөө менен кармаган.

 

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен ал 1-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.