Эквадордун ордо калаасында мышыктын балдары үчүн бакча ачылды

Эквадордун ордо калаасында мышыктын балдары үчүн бакча ачылды. Бул жөн гана убактылуу кармоо жайы эмес, бүтүндөй кичинекей мышыктардын Академиясы.

 

Анда 2ден 4 айга чейинки жаныбарлар кабыл алынат.

 

Эксперттердин айтымында, дал ушул мезгилде мышыктардын басымдуу адаттары калыптанат. Академияда мышыктарга өздөрүн туура алып жүрүү, башка жаныбарлар менен баарлашууну жана адамдар менен тил табышууну үйрөтүшөт. Академияны аяктаган мышыктарга сертификат тапшырылат.