Саламаттыкты сактоо министрлигине вакциналарды ташууга атайын техника тапшырылды

Саламаттыкты сактоо министрлигине вакциналарды ташууга атайын техника тапшырылды.

 

Ведомстводон билдиришкендей, эки автомуздаткыч аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду аркылуу сатылып алынды.

 

Бул техниканын жардамы менен министрлик коронавируска каршы вакцинаны коопсуз шартта ташый алат. Алсак, Pfizer жана Moderna препараттарын ташууга төмөн температура талап кылынат.