Кыргызстанга билим алганы келген студенттердин басымдуу бөлүгүн өзбекстандыктар түзөт.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн келгендер.
Алардын саны беш жыл аралыгында дээрлик 8 эсеге өстү.
Ал эми өзбекстандык студенттердин саны 5 жылда 90 пайызга көбөйдү.
Белгилеп кетсек, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 83 миңге жакын чет элдик билим алат, бул жалпы студенттердин 35 пайызын түзөт.