Милиция кызматкерлери Бишкектеги шайлоо тилкелерин күнү-түнү кайтарып башташты

Милиция кызматкерлери Бишкектеги шайлоо тилкелерин күнү-түнү кайтарып башташты.

Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ордо калаадагы шайлоо тилкелерине

жалпысынан 500 милиция кызматкери бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, шайлоо күнүндө коомдук коопсуздукту

11 миң милиция кызматкери камсыздайт. Негизинен добуш берүүгө 1 жума калганда милициянын

толук курамы кызматтын күчөтүлгөн режимине өтөт. Ал эми Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленди.