Бишкекте  коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрдү

Бишкекте  коомдук транспорттун иш тартиби өзгөрдү. Мэриянын маалыматына ылайык, эми троллейбус, автобус жана маршруттук таксилер иш күндөрү таңкы саат 7ден 10го чейин жана кечкисин 5тен 9га чейин гана иштейт.

 

Ал эми ишемби, жекшемби күндөрү Бишкекте коомдук транспорт токтотулат. Бүгүнкү күндө Бишкекте  коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2 миң 392ге, Чүй облусунда  1 миң 47ге жетти.

 

Азыркы тапта ушул эки аймакта эпидемиологиялык абал күндөн-күнгө оорлошуп жатат.