Жүк ташыган айдоочуларды COVID-19 вирусуна текшерүү күчөтүлдү

Жүк ташыган айдоочуларды COVID-19 вирусуна текшерүү күчөтүлдү.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, чет өлкөлөрдөн келген

айдоочулар коронавирус илдетин аныктоого тапшырган анализдери толук

чыкмайынча обсервацияда болушат. Алардын өлкөгө киришин жана андан

аркы багытын көзөмөлдөө алгоритмин жакшыртуу милдети тиешелүү

мамлекеттик органдарга жүктөлдү. Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарында,

Ноокат районунда Россиядан жүк ташып келген айдоочулардан коронавирус аныкталган.