Facebook колдонуучуларынын сыр сөздөрүн уурдаган кооптуу тиркемелер өчүрүлдү

Google Play дүкөнүнүн коопсуздук боюнча адистери Facebook социалдык тармагынын колдонуучуларынын сыр сөздөрүн уурдаган тогуз тиркемени табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

 

Маалыматка ылайык, изилдөөнүн жыйынтыгында PIP Photo, Processing Photo, Rubbish Cleaner, Inwell Fitness, Horoscope Daily, App Lock Keep, Lockit Master, Horoscope Pi, App Lock Manager тиркемелери Facebook сыяктуу бир нече социалдык тармактан сыр сөздөрдү уурдаганы аныкталган.

 

Кооптуу тиркемелер Google Play’ден алып салынган. Бул программаларды колдонуучулар да смартфонунан өчүрүп салса болот.