Эмгек министрлиги Россиядагы мигранттарды сак болууга чакырды

Социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Россиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн жалдоо жүрүп жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, жалдоочулар негизинен таанышуу максатында байланышка чыгышат. Мындан улам, Россиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарга ар кандай чагымдарга алдырбоо, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоо, түрдүү акцияларга катышпоо, ошондой эле балдарды көзөмөлдөө сунушталат.