“Социалдык ипотека” программасы боюнча баштапкы төлөм болбойт

“Социалдык ипотека” программасы боюнча баштапкы төлөм болбойт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Амантур Оморов билдирди, деп маалымдайт Economist басылмасы.

 

Ага ылайык, беш жана андан көп баланы тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жашы жете элек баласын атасы же энеси гана баккан толук эмес үй-бүлөлөр, ошондой эле айыл жеринде иштеген жаш адистер ипотекалык турак жай сатып алууда насыянын алгачкы төлөмүнөн бошотулат.