Манасбек Самидинов кайрадан “Манас” аэропортунун жетекчиси болду

25-апрелде “Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин отурумунда Манасбек Самидинов кайрадан аэропорттун директору болуп шайланды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 

Ушул эле күнү директорлор кеңеши компаниянын Башкармалыгынын мүчөлөрүн шайлап ага Мирлан Кубаталиев, Адилет Малдыбаев, Алтынбек Мамбетов, Талгат Жапаров кирди. Ал эми директорлор кеңешинин курамына Талант Жаманаков, Мирлан Коңурбаев, Чыңгыз Эркинбаев, Ренат Түлебердиев жана Элзар Жунушбаев кирди.

 

Манасбек Самидинов “Манас” аэропортунун жетекчиси болуп 2022-жылы 7-июлда шайланган. 37 жаштагы Манасбек Самидинов 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин бажы иши факультетин аяктаган. 2020-жылы ушул эле окуу жайдын юриспруденция адистигин бүтүргөн.

2022-жылы “Компания Манас Менежмент” ишканасынын директору болгон.

 

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.