Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз курулуштар демонтаждалат

Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз курулуштар ири өлчөмдө демонтаждалат.

Мэриядан билдиришкендей, электр тармагына мыйзамсыз кошулган соода түйүндөр жана объектилер сүрдүрүлөт.

Мындан тышкары, балдар аянтчасын Эмен паркына өткөрүү пландалууда.

Ал жерде демөөрчүлөрдүн эсебинен аймакты көрктөндүрүү, жарыктандыруу, таман таш, отургучтар жаңыртылууда.