Бишкекте бүгүн биометрикалык чет элдик паспортторго документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу novosti.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Жаңы үлгүдөгү документтерди даярдоо мөөнөтү – 18 иш күндү түзөт. Май айындагы майрамдарды эске алуу менен, алгачкы биометрикалык чет элдик паспорттор 20-майдан кийин берилип баштайт.
Ведомство эскертет – жаңы үлгүдөгү жеке документтер 34 жана 50 барактан турат. Буга байланыштуу, паспорттун баасы дагы ар башка болот.