Кыргызстанда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу уланууда

Кыргызстанда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу уланууда.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, жолчулар белгиленген иш ыргагын улантууда.

Бүгүнкү күндө дээрлик эки чакырым рельс төшөлдү.

Ал быйылкы жылы жалпысынан беш чакырымга созулат.

Мамлекеттик ишкана долбоорду ишке ашыруунун чоң социалдык-экономикалык мааниси бар экенин белгилейт.

Биринчи кезекте көмүрдү ташуунун эң аз чыгымдуу жолу түзүлөт.