Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды.
Акматалиев 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда.
Анын алгачкы атаандашы молдовалык Максим Сакултан болуп, Акматалиев аны 14:2 эсебинде утту.
1/4 финалда Эрназар Акматалиев болгариялык Рамазан Рамазанов менен беттешет.