Европа Чемпионатынын алкагында Франция курамасы немистерди утуп алды. Мюнхенде өткөн беттеш 0:1 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун 20-мүнөтүндө өз дарбазасына голду Германия курамасынын коргоочусу Матс Хуммельс киргизип алды.
Ал эми Европанын учурдагы чемпиону Португалия Венгрияны 3:0 эсебинде утту.