Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанатында Кыргызстан туусун ок атуу боюнча чебер Каныкей Кубанычбекова көтөрүп өтөт.
Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, бул кураманын капитаны Атабек Азисбеков Токиого кийинчирээк учуп бара турганына байланыштуу.
Эске салсак, жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 8-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык спортчулар 16 жолдомо алган.