Эртең, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

Эртең, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт.

Жыйындын күн тартиби (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. «Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2021-жылдын 3-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ноокат шаарынын ичүүчү суу жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо” долбооруна Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы;

2. «Бишкек шаарында 2021-жылдын 13-апрелинде кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кербен шаарында суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууга №1 кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы;

3. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А.Т., Иманалиев К.К., Бакиров Ө.М., Шарапов З.Э., Эсенаманов З.С., Кыдыралиев У.Т., Ибраев С.К., Тагаев Э.С., Момбеков Р.Ч., Арзыбаев Н.И.;

4. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечилер – депутаттар Ибраев С.К., Турусбеков Б.С., Иманалиев К.К., Асылбаева Г.К., Өмүркулов И.Ш., Икрамов Т.И., Атазов Ш.К., Орозова К.Б., Акаев Ж.К., Строкова Е.Г., Жураев С.М., Жолдошбаев К., Токтомамбетов А.Ж., Мурашев Н.М., Бакиров М.С., Тагаев Э.С., Ормонов У.З., Бешимбаева А.К., Айдаров Н.А., Тиллаев Т.Г., Шарапов З.Э., Бердиев А.Т., Кулбараков А.И., Садиков У.Ч., Исмаилов У.Ч., Исманов С.Ж., Арзыбаев Н.И., Кемелов А.К. Абдылдаев Ш.И., Осмонов А.Ж., Нышанов С.К.,Туманбаева Р.М., Молдалиев С.У., Карашев А.А.,Самаев У.О., Алтыбаева А.Т., Дюшалиев А.К., Тотонов Н.Т., Каримов Н.Т., Маматалиев М.А., Бакиров О.М., Эгембердиев М.Б., Тулендыбаев П.Р., Осмонова А.Ш., Алыбаев О.А., Рыспаев К.Ж., Жоробеков Т.У., Байбакпаев Э.Ж., Жунус уулу Адыл, Айнакулов М.А., Койчуманов М.Н., Нурдинов Б., Аманова Б.К., Төрөкулов Д.Г., Исаева Д.Ш., Турусунбаев А.А., Урумкалиева Ч.Ч., Маннанов И.А., Молдобекова Г.С., Кодуранова А.С., Юсуров А.Л.;

5. Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

6. Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

7. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы №4682-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

8. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 23-июнундагы №4684-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

9. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы №4757-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

10. «Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №4190-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

11. «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугун, ошондой эле “Вега” радиокуруу концерни” акционердик коому тарабынан бул долбоордун ишке ашырылышынын сапатын жана шарттарын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-майындагы №4576-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.