Футзал боюнча кыргызстандык калыс дүйнө чемпионатын тейлеп, рекорд жаратты.
Бул тууралуу футбол союзунан билдиришти. FIFA калысы Нурдин Букуев үчүн бул
карьерасындагы төртүнчү дүйнөлүк турнир. Ал кечээ Литва — Венесуэла
командаларынын беттешин тейледи. Учурда дүйнө чемпионаты Литвада өтүп жатат